Биз менен байланышыңыз

«Сел жана суу ташкындары жүрүү ыктымалы бар 2 миң 503 участок бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Апр 2019 | 643 | 0

Республика боюнча сел жана суу ташкындары жүрүү ыктымалы бар 2 миң 503 участок бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо жана мониторинг жүргүзүү департаментинин директору Анаркул Айталиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мындай жерлер Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Өзгөн районунун Ийри-Суу, Зергер, Салам-Алик айыл өкмөттөрүнүн аймагында да бар. Кара-Суу району боюнча 49, анын ичинен Папан айыл өкмөтүндө 11 жерде жер көчкү жүрүү ыктымалы сакталууда.

«Быйыл жаан-чачын аз болгонуна байланыштуу жер көчкүлөр тынчып калгандай. Бирок, нымдуулук жогору болуп кетсе, көчкү ар убакта түшүшү  мүмкүн. Ошондой эле таш кулоо коркунучу сакталган аймактардын баары көзөмөлдөнүп турат», — дейт Айталиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM