Биз менен байланышыңыз

2018-жылы «Кумтөр» кенинде 16 626 кг алтын өндүрүлдү

Кыска кабар | 31 Мар 2019 | 913 | 0

«Кумтөр Голд Компани» Жабык акционердик коомунун 2018-жылы Кыргызстандын аймагында жүргүзгөн бардык төлөмдөрү 301,938 млн доллардан ашкан. Бул тууралуу аталган ишкана расмий сайтына жазды.

Маалыматка ылайык, аталган төлөмдөрдүн ичине: салык, товар жеткирүүчүлөргө төлөмдөр, инфраструктура, ар кандай кызмат көрсөтүүлөр, жардамдар жана башкалар кирет.

Ал эми ишкана 1994-жылдан 2018-жылга чейин Кыргызстанга 3 млрд. 774 млн. доллардан ашык каражат төлөгөн.

2018-жылы “Кумтөр” кенинде 534 563 унция же 16 626,78 кг алтын өндүрүлгөн. Ал эми сатылган алтындын көлөмү 530 448 унция же 16 498,79 кг түзгөн.

Жыл жыйынтыгы боюнча сатылган алтындан түшкөн киреше 660,1 млн. долларды түзгөн. Бир жыл ичинде 9,6 млрд. сомдон ашык салык төлөнгөн.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кумтөрдүн Кыргызстандын ички дүң продукциядагы  үлүшү 8,6 %ды, жалпы өндүрүштө 18,4 %ды түзгөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM