Биз менен байланышыңыз

«Саресеп»: Түрк элчиси Ж.К.Фырат дилетантпы, чалгынчыбы же мүчөбү?

Блог | 29 Мар 2019 | 2627 | 0

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Женгиз Камиль Фырат өз ишине 2018-жылдын башында киришти.

2018-жылдын 6-июнунда АКИpress маалымат агенттигине маек берип, Сапат билим берүү мекемеси Балыкчы шаарына жаңы мектеп ачып жатканына Түркия тараптын нааразы экенин билдирип, бул Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга кылчу сапарына терс таасирин тийгизерин айткан. Түрк элчисинин сөзү коомдо уу-дуу кепке жол ачып, нааразычылык жараткан.

Эртеси күнү Кыргызстандын Билим жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ж. Фыратка телефондон “Сапат” мекемеси жаңы мектеп ачуу чечимин, арасына Билим берүү жана илим министрлиги да кирген негиздөөчүлөр Кеңешинде кабыл аларын айткан.

2018-жылдын 12-июлунда Азаттык үналгысына маек берген түрк элчиси Женгиз Камил Фырат аты аталган билим берүү мекемесинин мугалимдери менен башкаруучуларына эч негизсиз шек-доомат коюп, Кыргызстандын тиешелүү органдарына өз талаптарын узатканын айткан. Ал: “Бул жакта соода-сатыкта, билим берүүдө жана башка социалдык долбоорлордо ФЕТӨнүн (Фетхуллахчы террор өрүмү / Ф. Гүлендин жактоочулары ЕврАзЭС менен Кыргызстанда террорчу деп табылган эмес) мүчөлөрү иш алып барат. Биз алардын иши боюнча кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүп жатабыз. «Сапат» мектептери боюнча талаптарыбызды кыргыз тарапка берип, кандай чечим кабыл алынарын күтүп жатабыз”, — деген коркутуу таризиндеги сөздөрдү айткан. Аталган видеодо талап тили дипломатиялык тил эмес экенин дилетант сымал элчи унутуп калган сыяктуу көрүнгөн. Маектин акыр жагында аша чапканын сезе койгонбу, “биз силердин ички иштериңерге кийлигишпейбиз, болгону түрк бийлигине жакын “Маариф” билим берүү фондун альтернатива катары сунуштап жатабыз”, — деп кошумчалай салган.

2018-жылдын 1-3-сентябрындагы КРге кылган зыяратынан кайтып баратып, Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган: «ФЕТӨ Кыргызстандын саясатчыларын коркутуп алыптыр», — деген. Кыргыз саясатчылары бул жалганды салабаттуулук менен каршылап, бул кабар Түркиянын ички саясаты үчүн колдонулганын айтышып, түрк элчилиги менен атайын кызматы президентине туура эмес маалымат берген чыгар деп божомолдошкон.

Эрдогандын Кыргызстандагы «тезеги кургай электе» түрк бийлигине жакын Хүрриет (Hurriyet) гезитинин журналисти Ханде Фырат түрк президентинин кыргыз кесиптешине Кыргызстандагы 130 ФЕТӨчүнүн тизмесин тапшырганын (арасында КРдин жарандары да бар) жана алардын 13ү тез арада Түркияга өткөрүп берилерин жазган. Бул уу-дуу жараткан кабарга 12-сентябрда КРнын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев кыргыз тарапка эч кандай тизме берилбегенин айтууга мажбур болгон.

Эрдоган Кыргызстанга келип кеткенден кийин түрк элчиси К.Ж.Фырат «Маарифин» «Сапатка» альтернатива катары ачарын жыйыштырып, “алар түрк жарандарынын акчасына салынган” деген жалган шылтоо менен «Сапаттын» мектептери тартылып алынып, «Маарифке» берилерин айтып чыкты.

Эртеси элчи Ж. Фырат Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылып, ага туура гана маалыматты таратуу керек экени эскертилген.

* * *

2018-жылдын сентябрынан тартып Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыраттын дагы бир күжүрмөндүгү билине баштады. Ал Кыргызстандагы чет элдик дипломатиянын тарыхында биринчи жолу чарбалык иштер боюнча кыргыз сотторуна катышып, биздин өлкөнүн сотуна түздөн-түз басым жасоого өттү.

Фырат элчи 2018-жылдын 11-сентябрынан кийин “Вефа” соода борборунун ишинин отурумдарына байма-бай каттай баштаган.

Бул иш боюнча Бишкектин райондор аралык сотунун 2019-жылдын 28-февралындагы отуруму аяктаганда, ал адвокат А. Исманкулованын жанына келип, “Буларыңа айтып кой, ишенген кожолору жакында ээрден оойт”, — маанисинде сөз айткан. Исманкулова: “Сиз мени коркутуп жатасызбы?” — дегенде, шап бурулуп эшикти көздөй жөнөгөн, бирок бул окуя тууралуу видео тасма менен адвокаттардын актысы сакталуу турат.

Өкүнүчтүүсү, Фырат элчинин ормон опузасы алдында 2019-жылдын 28-февралында КРдин Жогорку соту “НТ Кайнак” фирмасы боюнча сот ишин түрк бийлиги тарапка чечип берип салган. Муну Кыргызстандагы түрк элчилиги твиттериндеги баракчасында “Тарыхта биринчи жолу “ФЕТӨгө” каршы сот ишин утуп алдык”, — деп сүйүнчүлөп чыгарган.

Чын эле, Түркияда “үлгү кылмыш иши” катары кеңири таанытылган түрк ишкери Акын Ипектин мал-мүлкүн рейдерлик жол менен тартылып алынуусу жана аны түрк бийлигинин колуна өткөрүлүп берилүүсү тууралуу кылмыш ишин түрк тарабы уттурган. Лондондун Венсминстер соту түрк тарабынын койгон айыптарын карап чыгып, тарыхында биринчи ирет сот ишине комментарий бергенге мажбур болгон. Сот түрк тарабы койгон айтыптоолор гезиттерге чыккан макалаларга негизделгенин жана Акын Ипекке козголгон сот иши саясий гана максатты көздөгөнүн билдирген. Андан көп өтпөй Акын Ипектин адвокаттары түрк бийлигине каршы мал-мүлктү мыйзамсыз тартып алууга байланыштуу чыгымдар боюнча 5 млрд долларлык сот ишин козготкон.

Кыргызстанда же элчилик, же чалгынчылык кылып жүргөнү белгисиз Фырат элчи өзүнүн дипломатиялык карьерасына жарап берчү чечимди (анын Эрдоганга жакшы көрүнүп, АКШга элчи болгусу келгени тууралуу маалыматтар бар) кыргыз бийлигине түрдүү жол менен кабыл алдырууга маш экени билине баштады. Принциптерге бекем, мекенчил аткаминерге кабылса, аны жогору же төмөн жагынан айланып өтүп, текеберликке баткан түрк бийлигине керектүү чечимдерди таңуулоодо такшалган. Учурда ал сотко жана экономикалык санкцияларга таасир эте алчу мамлекеттик органдардын башчыларынын зыяратына байма-бай бара баштады.

Түрк Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Женгиз Камиль Фыраттын кыргыз коомунун диний көз карашына таасир берүү аракеттерин атайын белгилей кетүү зарыл. Учурдагы түрк бийлигинин күчү түрк шовинист-улутчулдугу менен радикал исламчы (исламды жеке жана топтук саясий максаттарына колдонуу) популизмине негизделгени белгилүү. Түрк элчиси кыргыз ЖОЖдорунун теология факультеттеринин кызматкерлери менен бүтүрүүчүлөрүн, Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы (КМДБ) жана Өкмөт алдындагы дин иштери боюнча комиссиясынын лөктөрүн материалдык жактан колдоп, диний тармактагы чечимдерге таасир берип баштаганы айтылып келет. Мисалы, КМДБга биринчи жолу зыярат кылганда эле КРдеги кайсыл жамааттар түрк бийлиги үчүн жагымсыз, кайсыларын колдоо ТР аткаминерлерине туура келерин ачык эле айтканы бар.

Өткөн айда КМДБны көзөмөлдөп алган Таблиг жамаатынын («дааватчылар») жетекчилиги менен бирге, муфтийди алмаштыруу укугуна ээ, Аалымдар Кеңешинин (АК) төрагасы менен эки орун басары алмаштырылган. Төрагалыкка дааватчы келип, эки орун басарлыкка эрдоганчылар шайланган. Түрк бийлиги мындай ийгиликке “Ыйман” фондуна чегерилчү каражатты КМДБга багыттап, тиешелүү шайлоо отуруму алдында АКга мүчө айрым аалымдарга мол дасторкон жайып, тууганчыл кыргыз бийлиги менен жең ичинен сүйлөшүү аркылуу жетти деген маалымат диний чөйрөдө тараган.

Кыргыз ЖОЖдорунун теология факультеттеринин басымдуу көбүн учурдагы радикал исламчы түрк бийлиги каржылап, толугу менен көзөмөлдөп келет. Бул факультеттер эрдоганчылардын кадрларын бапестеп, КРдин бийлик бутактарына жайгаштыруу жана радикал исламчы пикирди таратуу үчүн пайдаланылып келет. Дал ушул исламды саясат үчүн колдонуунун тегерегинде эрдоганчы, ихванчы (Катар менен Кувейт жарандары колдогон саясий кыймыл) жана дааватчылар бириккен.

Эң кооптуусу, түрк бийлигинин ИГИЛди колдоп жатканы тууралуу маалыматтар орусиялык Спутник-Түркия сайты баш болгон көптөгөн маалымат булактарына чыга баштады. Бул тууралуу орусча, англисче жана түркчө макалаларды ушул шилтемелерден окуса болот.

Жогорудагы ОшМУнун сайтына жарыяланган төрт сүрөттө ким кожоюн экени, кимдин эң жагымдуу абалын макалага коюу керек экени даана көрүнүп турат. Экинчи сүрөттөгү Фырат элчи көзгө кезеп турган жигит – КМДБнын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары экенин белгилей кетүү керек.

Вашингтондук журналист Адем Явуз Арсландын Кыргызстанда түрк жараны ачкан фирма Сирия согушуна курал-жарак сатканы тууралуу маалыматын да айта кетели. Журналист, ИГИЛ боюнча адистешкен, анын согушкерлери, алардын туугандары жана жакындарынан маалымат алган Жоржтаун университетинин профессору Анне Спекхарддын маалыматына таянып, түрк куралдуу күчтөрүнүн атайын бөлүгүнүн мурунку кызматкери Нури Гөхан Бозкур КРде “DNS Defence” фирмасын ачып, Сирияга “курал-жарак, ок-дары жана жардыргыч” сатканын жазган. Мындан улам, КРде фирма ачып, эл аралык террорчуларга курал саткан жараны тууралуу, кыргыз бийлигинин колтугуна чейин кирген “террорчулар” жөнүндө маалыматы бар, Фырат элчи кантип билбей калды деген ой келет.

Же, чын эле, Женгиз Камиль Фырат ФЕТӨ деп сайраганы менен, түрк аналитиктери болжой баштагандай, ТРдеги бийликти, Сталин менен Гитлердин кылмыштуу тобу басып алган сыяктуу, учурда омуроолоп отурган ЭТӨнүн (Эрдоганчы террор өрүмү) мүчөсүбү? Андай болсо, гитлердик Германиянын 80 миң чиновниги мамлекеттик террордон айыпталып капаска киргенин, сталиндик террорго моралдык баа берилгенин Фырат элчиге эскертели. Түрк бийлиги менен бирге түрк элинин ырыскысын уурдагандар, ЭТӨчүлөр менен ИГИЛге ар тараптуу жардам бергендер АКШ менен Европа мамлекеттеринин тергөөсүндө булбулдай сайрап баштаганын айта да кетели.

«Саресеп» гезити

***Автордун пикири редакциянын көз карашын чагылдырбайт

Copyright © 2017 Maral FM