Биз менен байланышыңыз

Чодуев: Картошка сатууда көйгөй болгон жок

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Мар 2019 | 703 | 0

Кыргызстанда картошка сатууда көйгөй болгон жок. Болгону анын баасына маселе жаралды. Бул  тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы коңшу мамлекеттерде картошка ири көлөмдө өндүрүлгөндүктөн, баасы төмөндөп кеткен. Мындай көйгөй жыл сайын кайталанбашы үчүн салттуу рынокту алмаштыруу зарыл.

Чодуев министрлик картошканы кайра иштетүүчү завод курууга аракеттенип, инвестор изделип жатканын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM