Биз менен байланышыңыз

«Долбоорлор биздин баалуулуктарга дал келиши керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Мар 2019 | 506 | 0

Кыргызстан алдыда Бириккен Араб эмираттары, АКШ, Түркия жана башка мамлекеттер менен кызматташуусу зарыл. Бул тууралуу эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанга ири долбоор жана түз инвестиция керек. Ал аймактарды өнүктүрүүдө да пайдалуу. Бүгүнкү күндө Борбордук Азияда Кытай, Япония жана башка мамлекеттердин түрдүү долбоорлору бар.

«Негизгиси биздин баалуулуктарга туура келсе, биргеликте иштөө зарыл. Өнөр жай тармагын иштетүүгө каршы чыккан жарандар болду. Бирок өндүрүш болгондо гана аймактар өнүгөт. Алсак, ишканадан мамлекетке салык түшүп, жергиликтүү бюджетке каражат бөлүнөт. Элдин жашоо шарты жакшырат. Башкача айтканда, инвестор элге түз каражат бербейт. Элибиз муну түшүнүшү керек», — дейт Осмонбетов.

Ал буга кошумча, кандай гана долбоор болбосун, аны ишке ашыруу үчүн алгач экономикалык анализ жасаларын, экологиялык коопсуздук да эске алынарын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM