Орусиянын Барнаул патрон заводу менен «Бишкек штамптоо заводунун» ортосунда кызматташуу боюнча 15,3 млн. долларлык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу аталган ишкананын директорунун орун басары Мыктыбек Алыбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, «Бишкек штамптоо заводу» менен Казань мамлекеттик дары заводунун ортосундагы кызматташуу тууралуу 15,3 млн. долларлык келишимге кол коюлган.
«Биздин тармак өндүрүш болгондуктан келишимдер кагаз бетинде калбайт, алар ишке ашат. Азыр эң жакшы шарттар түзүлүп жатат. Президенттер тарабынан жакшы уюштуруу иштери жүргүзүлүп жатканда, биз карап отурбай иштешибиз керек. Биздин заводдо күч органдарына керектелүүчү ок-дарылар, айыл чарбага керектүү шаймандар да чыгат. Учурда жумушчулардын санын көбөйтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Мурда заводдо иштеп кеткендер кайра келишсе болот», — дейт Алыбаев.
Ыйман
29.03.2019 20:30
Кайсы багыт боюнча ишке алынат. Жогорку билими болуш керекпи энергетиктерди да аласыздарбы
Эрлан Жумагазиев
30.03.2019 11:29
Сурооңуз боюнча аталган ишкананын кеңсесине кайрылууңузду сунуштайбыз. Тилекке каршы, бизде мындан башка маалымат жок.