Биз менен байланышыңыз

«Авариялык абалдагы мектептер Ош облусунда көп катталган»

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Мар 2019 | 480 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги быйыл республиканын аймагында курула турган, же капиталдык оңдоп-түздөөдөн өткөрө турган мектептерди аныктап, тизмени Финансы министрлигине, өкмөткө жөнөттү. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында,  авариялык абалдагы мектептер башка аймактарга салыштырмалуу Ош облусунда көп катталган.

«Министрлик мектептер боюнча колунан келишинче тегерек үстөлдөрдү өткөрүп жатат. Болгон абалды анализдеп, тиешелүү  органдарга бердик. Тилекке каршы, биздин министрлик мектеп курбайт экен. Мектептерди мыйзамсыз акча чогултууну жоюу үчүн бош орундар ачык көрсөтүлүшү зарыл. Балдардын эсебин алып, кайсы жерге кошумча аудитория кошуу керектигин билүү максатында Бишкекте электрондук кезек киргизгенбиз. Биздин адистер ар бир кайрылууну карап чыгат. Электрондук кезек Бишкек шаарында гана иштеп жатат», — дейт Жусупбекова.

Ал мындан сырткары, айрым жеке тараптардын кызыкчылыгы менен курулуп калган мектептер да бар экенин белгилеп, министрлик бул маселе боюнча иликтеп чыкканын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM