Биз менен байланышыңыз

Жоодар Көчкөмбаев кросс боюнча дүйнө чемпионатына катышат

Кыска кабар | 27 Мар 2019 | 560 | 0

Жоодар Көчкөмбаев кросс боюнча дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу  Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы кабарлады.

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2019-жылга болгон негизги эл аралык жана республикалык мелдештеринин календарлык планына ылайык жеңил атлетика боюнча Кыргызстан курама командасынын мүчөсү Жоодар Көчкөмбаев кросс боюнча дүйнө чемпионатына катышат. Аны машыктыруучу Куштарбек Таштанбаев коштоп бармакчы.

Мелдеш 30-мартта Даниянын Орхус шаарында өтөт.

Спортчуга Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын бюджетинен 129 миң сом каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM