Биз менен байланышыңыз

Драм театр түштүктү түрө кыдырат

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Мар 2019 | 642 | 0

Үстүбүздөгү жылдын май айында Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын кызматкерлери өлкөнүн түштүк аймагын — Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын кыдырып спектакль коюшат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

«Кийинки муунга театр эмне экенин таанытпасак, жан дүйнөсү ачка калат. Андыктан, спектаклдер аркылуу жарандардын жан дүйнөсүн байытуу зарыл», — дейт Иманалиев.

Министрдин орун басары мындан тышкары, куурчак теарларынын эл аралык фестивалын өткөрүү боюнча иш-чарага кам көрүлүп жатканын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM