Биз менен байланышыңыз

453 айыл өкмөттүн 372си дотацияда

Кыска кабар | 26 Мар 2019 | 417 | 0

Кыргызстандагы 453 айыл өкмөттүн 372си дотацияда турат, мамлекеттик бюджеттен кошумча каражат менен каржыланат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директору Өмүрбек Алманбетов айтып берди.

Саясат жана өнүгүү институтунун төрагасы Надежда Добрецованын айтымында, акыркы эки жыл «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарыяланганына карабай, жергиликтүү бюджет дээрлик өсүш бербей, жергиликтүү башкаруу органдарына бөлүнгөн каражаттын көпчүлүгү айыл өкмөттү, айылдык Кеңешти каржылоого, ал эми бир бөлүгү комунналдык төлөмдөр, жол куруу, парк-бакчаларды куруу, суу чыгаруу сыяктуу тармактарга жумшалып кетип, айыл өкмөттөрдүн негизги делген калган тармактарына каражат жетпей калууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM