Биз менен байланышыңыз

«Орус-кыргыз өнүктүрүү» фонду капчыктууларга гана кызмат кылбайт»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Мар 2019 | 662 | 0

«Орус -кыргыз өнүктүрүү» фонду үч жылда жалпы суммасы 310 млн долларды түзгөн 1 миң 262 долбоорду каржылаган. Бул тууралуу мекеменин төрагасы Эркин Асрандиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, фонддун каражатынын басымдуу бөлүгү айыл чарба жана өндүрүш тармагына берилген. Долбоордун 80%ы Бишкектен тышкаркы аймактар үчүн жазылып каржыланган.

«Атайын каржыланган 40 ири долбоордун баары ири ишкана ачуу үчүн жазылганАйталы, учурда биздин каржылообуздун негизинде эки кант заводу иштеп жатат. Өткөн жылы Араван районунда ири цемент заводу курулду. Мындан сырткары, бут кийим тигүүчү фабрика салынды. Ошол эле учурда, «Фонд капчыктууларга гана кызмат кылып жатат»,  — деген туура эмес маалыматтарга кошулбайм. Каражаттын 1/3 бөлүгү айыл чарба тармагына бөлүнгөн. «Жеткиликтүү турак-жай» программасына 50 млн доллар бөлүп бергенбиз«, — дейт Асрандиев.

Маалыматка ылайык, «Орус -кыргыз өнүктүрүү» фонду учурда өлкөдөгү 14 банк менен кызматташат. Ал эми мекеменин кызматкерлери сынактын негизинде тандалып алынат.

Copyright © 2017 Maral FM