Биз менен байланышыңыз

Айымдар арасында волейбол боюнча «Дилгир» лигасы ачык деп жарыяланды

Кыска кабар | 25 Мар 2019 | 486 | 0

Кыргызстандын волейбол федерациясы “Дилгир” волейбол клубу менен биргеликте, волейбол сүйүүчү айымдар командаларынын арасында «Дилгир» волейбол лигасын ачык деп жарыялады. Бул тууралуу аталган федерациянын басма сөз кызматы билдирди.

Лиганын башкы демөөрчүсү “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” компаниясы.

Турнир сергек жашоону пропагандалоо жана айымдардын арасында волейболду жайылтуу максатында өткөрүлүп жатат.

Волейбол боюнча турнир 6-апрелде Бишкеке шаарында өткөрүлмөкчү.

Кошумчалай кетсек, турнирге 30ден 41 жашка чейинки апалар катыша алат. Ошондой эле профессионал оюнчулардын катышуусусуз өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM