Биз менен байланышыңыз

Эртең Бишкекте велосезондун ачылышы өтөт

Кыска кабар | 23 Мар 2019 | 778 | 0

24-мартта Бишкекте велосезондун ачылышы өтөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Ага ылайык, иш-чарага 1 миңге жакын киши катышат. Алар Адрахманов менен Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында чогулуп, Жеңиш паркына барышат.

Иш-чара саат 10:00 башталат. Ал эми саат 11:20 стартка даярдыктар башталып, жол эрежелери түшүндүрүлөт. Катышуучулар үчүн таза абада көңүл ачуу программасы, оюн-сынактар дагы уюштурулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM