24-мартта Бишкекте велосезондун ачылышы өтөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Ага ылайык, иш-чарага 1 миңге жакын киши катышат. Алар Адрахманов менен Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында чогулуп, Жеңиш паркына барышат.
Иш-чара саат 10:00 башталат. Ал эми саат 11:20 стартка даярдыктар башталып, жол эрежелери түшүндүрүлөт. Катышуучулар үчүн таза абада көңүл ачуу программасы, оюн-сынактар дагы уюштурулат.