Биз менен байланышыңыз

Көк бөрү: «Ынтымак» чемпион болду

Кыска кабар | 21 Мар 2019 | 772 | 0

Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча өткөн мелдештин Жогорку Лигасынын финалында “Ынтымак” командасы “Достукту” утуп алды. Оюн эсеби 6:1 менен жыйынтыкталды.

Ал эми Биринчи Лигасында “Алкан-Ата” командасы чемпион болду. Аталган курам «Келечекти» 4-1 эсебинде жеңген.

20-мартта Биринчи лигада «Соң-Көл» командасы «Казарман» командасын утуп, “Көк-бөрү Нооруз-2019” мелдешинин коло байгесине татыды.

Жогорку лигада «Бакубат-Талас» командасы «Көк-Жал» тобун 7:1 эсебинде утуп, мелдештин коло байгесин утту.

Copyright © 2017 Maral FM