Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 21 Мар 2019 | 1018 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-мартта, кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчы Нооруз — жаздын, тазаруунун, өзгөрүүнүн, жаӊы күндүн майрамы экенин белгилеп, ар бир үй-бүлө бактылуу болуп, өлкөбүз өнүгүп, ой-максаттардын ишке ашуусун каалады.

«Бүгүн ар бир үйдө берекелүү дасторкон жайылып, сүмөлөк кайнатылат. Жергебиз майрам шаңына бөлөнүп, ыр-күлкү жаңырат. Баба дыйкан үрөн белендеп, жер айдоого камынат. Кадырман калайык-журтум! Нооруз жергебизге тынчтык жана токчулук алып келсин. Элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун. Ар бир үй-бүлө бактылуу болуп, өлкөбүз өнүгүп, алдыга койгон ой-максаттарыбыз ишке ашсын. Жараткан жар болуп, элибизде дайыма ынтымак, жергебизде тынчтык болсун. Кыргызстаныбыз гүлдөп, өнүксүн,«-деди президент Сооронбай Жээнбеков.

Copyright © 2017 Maral FM