Биз менен байланышыңыз

Якутиядагы кыргыз мигранты: Түнкүсүн чыгып тепкилешет

Кыска кабар | 19 Мар 2019 | 1247 | 0

Якутскиде жашаган кыргызстандык мигранттардын бири (аты-жөнү жашырылды) кыргыз мигранттарына карата кандай мамиле жасаларын “Маралга” төмөнкүчө айтып берди.

-Якутскиде 3 күн мурда кыргыз балдарына орой мамиле жасалып жатты. Көбү кетип жатышат. Себеби абал кыйын болуп турат. Түнкүсүн чыгып алып жергиликтүүлөр тепкилешет. Жумуштан чыгып келе жатканда токмоктошот, айла жок ушинтип күн өтүп жатат. Мисалы, соода кыла турчу жерлерин келип чачып кетишет. (алма-салмаларын баарын). Негизи Кыргызстандан жаңы келген мекендештер жөн эле жүрүп кетишсе жакшы болмок. Азыркы учурда абал тынчып калды. Кетирчүлөрүн кетирип жатышат. 50-60 баланы жакында кетет деп жаап койду окшойт.

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов учурда Якутияда. Ошондой эле аталган өлкөдөгү миграция кызматынын өкүлчүлүгү, Москвадагы ИИМдин өкүлү, Тышкы иштер министрлигинин өкүлү сүйлөшүү үчүн барышкан. Бүгүн, Якутия өкмөтүнүн төрагасы менен жолугушуу уюштурулду. Анда тараптарды чагымчылдыкка алдырбай, жергиликтүү мыйзамдарды сактап жашоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Жергиликтүү имам менен да жолугушуу уюштурулган.

Миграция кызматынын эл аралык иштер боюнча бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Бакыт Барманкулов кошумча маалыматтар берилерин айтты.

Эске салсак, Якутиянын Комсомольск аянтында 17-мартта 200гө жакын адам чогулуп, миграция мыйзамдарын каттуулатууну талап кылышкан. Буга алдын ала алынган маалыматтар боюнча Кыргызстандын жараны тарабынан аялды зордуктаган окуя себеп болгон.

Маалыматтарга ылайык, учурда Саха Республикасында 10 миңдей Кыргызстандын жараны эмгектенет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM