Биз менен байланышыңыз

Саркулов: Өрт өчүрүүчү, тез жардам унааларына да айып салынат

Күн чабыт | 19 Мар 2019 | 1092 | 0

Бишкек шаарында ишке кирген коопсуз шаар долбоорунун алкагында тез жардам унааларына да айып жазылып, бул боюнча 3 унаага айып кагазы барган. Мындай жагдай социалдык тармактарда да талкууга алынып, себептерине кызыккандар көп. Ошол себептүү биз Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов менен маек курдук.

-Тез жардамдын айыпка жыгылганы кызык болду. Мунун себебин түшүндүрүп берсеңиз.

-Жол эрежесин бузган бардык унаалар тууралуу маалымат борборго келип түшөт. Анын ичинде тез жардам кызматынын, өрт өчүрүүчүлөрдүн, жада калса жол коопсуздук кызматынын унааларыныкы да бар. Эми талкууга түшкөн окуяга келсек. Жолдо жүрүү боюнча Өкмөттүн чыгарган токтому бар. Атайын жабдыктар орнотулган транспорт каражаты чакырууга же күтүүсүз иштерди аткарууда жол эрежесин бузууга укуктуу. Бирок андай учурда атайын жарыгы күйүшү керек, керектүү маалда башка унааларга эскертүү берүү үчүн бийик үн чыгаруучу каражатын колдонушу керек. Ошол учурда гана жол эрежесин бузууга болот. А айыпка тартылган тез жардам унаасын текшерип көргөнүбүздө жогорудагы шартты аткарбагандыгы аныкталды.  Мыйзамга ылайык, бул жол эрежесин бузуу болуп эсептелет. Ошол үчүн биз аны бузуу деп таптык. Тез жардам кызматынын жетекчили менен бул боюнча жолугуп, сүйлөштүк. Видеодон да көрүп эреже бузганын мойнуна алышты. Биз башка атайын кызматтарга да кат менен кайрылып, бул эрежени эскерттик.

-Мыйзам боюнча кандай унаалар атайын деп белгиленип, ага артыкчылык берилет?

-Буга Ички иштер министрлигинин, Тез жардам кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларынын, Жаза аткаруу кызматынын транспорт каражаттары кирет. Ошол эле учурда улуттук банкта жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде тиешелүү да атайын унаалар бар. Мыйзам боюнча ушул түрдөгү унааларга керектүү учурда эреже сактабаганга болот. Бирок аларга коюлган талапты аткаруусу шарт.

-Атайын жабдык менен жабдылган унаалар да бар. Коопсуздук тармагында жеке компанияларда да иштеп жүрөт. Алар да атайын унаа катары эсептелеби?

-Коопсуздук боюнча жеке компаниялардын унаалары боюнча мыйзамда артыкчылык каралган эмес. Алар атайын унаалардын катарына кошулбайт. Жада калса, тез жардам эмес менин кол астымда иштеген инспектордун кызматтык унаасына да айып кагазы келди. Ал да мыйзамдын негизинде көрсөтүлгөн айыпты төлөдү.

— Атайын унаа келатканда ага жөнөкөй унаалар жол бошотууга милдеттүү. Ал милдетин аткарам деп эреже бузуп калса, ага кандай чара болот?

-Эгерде атайын унаалар толук жабдык менен жабдылып, чырагын күйгүзүп, бийик үн чыгарып келе жаткан болсо, башка унаалар ага жол бошотушу керек. Мындай учурда эреже бузулган болсо, аны операторлор карап, бузуу катары эсептешпейт.

-Рахмат.

Copyright © 2017 Maral FM