Биз менен байланышыңыз

Британ өкмөтү брексит боюнча жаңы шарттарды сунушташы керек

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Мар 2019 | 512 | 0

Улуу Британиянын өкмөтү Брексит боюнча дагы бир жолу добуш берүү өткөрүлүүсү үчүн жаңы сунуштама алып келүүсү керек. Бул тууралуу парламенттин көпчүлүк палатасынын спикери Джон Беркоу билдирди.

Анын айтымында, өткөн жумада Брексит боюнча артка кайтарылган сунушка парламент кайра добуш бере албайт. Эгер өкмөт Евробиримдиктен чыгуу боюнча жаңы шарттарды сунуштаса кайрадан добуш берүү мыйзам ченемдүү көрүнүш болот.

12-мартта Британ парламенти өлкөнүн Евробиримдиктен чыгуу демилгесин дагы үч айга жылдырган. Брексит мөөнөтүн кечеңдетүүгө депутаттардын 412си макул болуп, 202си каршы чыккан.

Өлкө премьер-министри Тереза Мэй Брексит 30-июнга чейин артка жылдырылышы мүмкүн экенин айтты. Эгер анда дагы британ парламенти келишимди кабыл албай койсо, Улуу Британия ар бир кечеңдетүүнү Евробиримдиктин бардык өлкөсү менен макулдашып чыгууга милдеттүү болот.

Эске салсак, 2016-жылы 23-июндагы референдумда британдардын 52% биримдиктен чыгууну колдогон. Шотландия менен Түндүк Ирландия шаркеттин курамында калуу үчүн добуш берген. Бирок Лондон, Манчестер жана дагы бир нече ири шаарлардан башкалары, анын ичинде Уэльс өзүнчө бөлүнүп кетүүнү жактаган.

Референдумдан кийин Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон отставкага кетип, анын ордун Тереза Мэй ээлеген. Ал 2017-жылдын июнь айынан тарта ЕБ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM