Биз менен байланышыңыз

Казакстандын Өзбекстандагы элчиси алмашты

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Мар 2019 | 523 | 0

Дархан Сатыбалды Казакстандын Өзбекстандагы элчилигине дайындалды. Бул тууралуу kun.uz басылмасы жазды.

Дархан Сатыбалды Акмолин айыл чарба багытындагы институтту бүтүргөн. Ошондой эле Казак гуманитардык юридикалык окуу жайында билим алган. Кесиби боюнча экономист-менеджер, юрист.

Ал буга чейин Шымкент шаарынын акими, Түштүк-Казакстан облусунун акиминин орун басары болуп иштеген.

Казакстандын Өзбекстандагы буга чейинки элчиси Ерик Утембаев өлкө президенти Нурсултан Назарбаевдин буйругу менен иштен алынды. Ал 2018-жылы октябрь айында ири өлчөмдө акча уурдоого шектелип кармалган. Утембаев Казакстандын Өзбекстандагы элчилигинин курулушунда аткарылган иштер тууралуу атайын жалган актыга кол койгон деп айтылууда.

Мунун кесепетинен 140 миллион теңгеден ашык зыян келтирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM