Бүгүн, 18-мартта өлкөнүн активисттери кумар оюндарына каршы кол топтоп, атайын конференция өткөрдү. Анда азгырык оюндар боюнча бир нече жолу кабыл алынган мыйзамдардын иштебей жатканын айтып, бийликтегилер көңүл бурбай жатканына нааразы болушту. “Коомдук көзөмөл” деп аталган кыймыл кумар оюндарына кантип бөгөт коюп, түп тамыры менен жоюуну пландап жатат.
Назгул айымдын жолдошу 10 жылдан бери кумар оюндарын ойноп келет. Беш баласы бар экенине карабай, курган үйүн, топтогон мүлкүн сатып, оюнга катуу берилип кеткен. Каармандын айтуусунда, кумар оюндарын ойноочу жайларды жапканда, жолдошу кадимкидей оңолгон. Бирок кайрадан алты айдын ичинде кумарга кайра азгырылып, 50 миң доллар уттурган. Учурда Назгүл айым беш баласы менен батирде жашап, күнүмдүк курсакка араң акча таап балдарын багып жаткан кези.
-Жолдошумду бул кырдаалдан алып чыгуу үчүн эмне гана кылган жокмун. Психологдорго кайрылдым, башка адамдарга коркуттурдум. 1-2 күн гана токтотот, кайра эле баштайт. Кыргызстанда кумар оюндарын жапкан учурда, жакшы иштеди. Чет мамлекеттен унаа алып келип, бизнес кылды. Үй салдык, бутубуздан турдук. Баягы адаты кармап, алты айдын ичинде бардыгын сатып, баш аягы 50 миң доллар уттурду. Жашай турган үйүбүз да жок. Беш балам менен квартиралап жүрөм. Акча уттуруп келген күндү эстегим келбейт. Ыйлайм айла жок.
Мындай көрүнүштөр коомчулукта күн санап өсүүдө. Бул бир гана адамдын тагдыры болсо, мындай тагдырды кайталагандар арбын. Акыркы мезгилде бир гана Бишкекте эмес, өлкөнүн бүткүл аймактарында кумар оюндары кеңири жайылып, күнү-түнү жаштарды да, чоңдорду да азгырып, көп адамдар мүлкүнөн жана саламаттыгынан ажырап жатканы айтылып келет. Бул кадамга бөгөт коюу боюнча атайын “Коомдук көзөмөл” кыймылы уюшулду. Аталган уюмдун уюштуруучусу “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова кыймылдын негизги максаты кумар оюндарына байланыштуу маселелердин бардыгын ачык-айкын айтып, бийликке жеткирүү керек.
-Азыркы кырдаал 2011-жылдан да ашып кетти. Бул нерсени ачып иштетип жаткандар мыйзамды тоготпогондор да. Анда мыйзам кабыл алуунун эмне кереги бар? Жөн эле убара болуп. Депутаттар мыйзамды кабыл алгандан кийин көзөмөлдөш керек да. Бийликтегилер билип, көрүп эле жатат, билмексенге салып жатпайбы! Андыктан биз ачып жаткан “Коомдук көзөмөл” кыймылы кумар оюндары туурасында ачык-айкын президентке, премьер-министрге жеткирип турабыз.
Туулган жерин таштап, чет жерде кабарын эч кимге билгизбей кеткендердин арасында дал ушул кумар оюнун ойноп, акчасын уттуруп, качып жүргөндөрдү кездештирүүгө болот. Же болбосо бул оорудан арылуу максатын көздөп кеткендер да бар. Тилекке каршы, кайрадан Кыргызстанга келгенден кийин азгырык оюндарын ойноочу жайларды көрүп, эски адатынча кайра кирип жатканын “Коомдук көзөмөл” кыймылынын активисти Жайнагүл Калчаева билдирди.
-Көпчүлүк ойлошу мүмкүн мага не кереги бар? Менин балам барбайт деп. Жок андай эмес. Мисалы 2010-жылы 9 жаштагы бала компьютердик оюндарды ойносо, 2019-жылы 18 жашка келсе деле ойной берет. Бул жаш куракта маселе жок, болгону берилип кетет, маңкурттукка келип калат. Бул сөздүн маанисин өзүңөр жакшы билесиңер, ал адамга ата-эненин да кереги жок, бала, бир тууган дагы кызыктырбай калат. Кыргызстандын калкынын саны өтө эле аз. Анын көбү чет жерде жүрөт. Дайынсыз же ушул кумар ойноо оорусунан оолак болоюн деп кеткендер көп. Бирок мамлектибизге кайтып келээри менен азгырык жайларды көрүп, кайрадан кирип кетип жатат.
Экономисттер адамды азгырган кумар оюндарын мыйзамдуу түрдө иштеп, мамлекетке салым кошкону жакшы экенин айтып келишкен. Бирок бул пикирди экономист Чыңгыз Макешев толугу менен четке какты.
-Экономисттер менен сүйлөшүп калсак, алар кумар оюндарын мыйзамдуу түрдө иштөөсүнө уруксаат берип, мамлекетке салык берип турса, жакшы эле пайда алып келет дешет. Бирок мен экономист катары так айта алам. Эч качан азгырык оюндарынан мамлекетке пайда алып келбейт. Ал бир гана адамдын чөнтөгүнө түшөт.
Мыйзамсыз уттурган акчаларын кайтарып алуу максатында, жарандар юристерге кайрылат. Бирок белгисиз бир себептерден улам, арызын алган учурлар көп кездешет. Азгырык оюндарын ачкан жайлардын ээси бирөө гана болушу мүмкүн, бирок тактай келгенде алар туугандарына, тааныштарына каттатып жатканын юрист Тилек Мамырканова айтты.
-Шаарыбызга азгырык оюндарды ачып жаткан бир эле адам болушу мүмкүн. Бирок мыйзам чегинде башкалардын аттары коюлуп жатат. Акчасын уттурган кардарлар келип, арыздарын жазат, бирок белгисиз себептерден улам арыздарын кайтарып алышат. Мен айтат элем негизи мыйзам бар. Аны ашырсак, колдонсок, кумар оюндарын иштетип жаткан жайларды жазага тарта алабыз.
Эскерте кетсек, 2011-жылы “Козинолор жана автомат” оюндарын жабуу үчүн мыйзамдуу түрдө кол коюлган. Бирок кайрадан “Букмекер” деп жаңы аталышта кумар оюну пайда болгон. Президент тарабынан 2013-жылы экинчи ирет жабууга буйрук чыккан. Атын өзгөртүүдөн тажабагандар, “Бинго”, “Лото” аталышында азгырык оюн-зоок жайды ачып, кайрадан 2017-жылы мыйзамдын негизинде жабылган. Учурда Бишкекте 200гө жакын кумар оюн-зоок жайлары бар. Мурунку көрүнүш кайталанып, аттарын алмаштырып жаңы аталышта иштерин алып барууда.
1 пикир