Connect with us

Шатманова: Суракка негизсиз чакырышты

Без рубрики , Кыска кабар | 18 Мар 2019 | 484 | 0

«Супер-Инфо» гезитинин жетекчиси Шайиста Шатманова Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына 2 саатка жакын сурак берип чыкты.

Анан билдиргенине караганда 30-январда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына Т. Насыкулов аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал «ММКларды колдоо борбору» фондунда гезиттердин нускасы боюнча көрсөтүлгөн маалымат басылмада көрсөтүлгөн маалыматка дал келбей жатканын айткан. Бирок ал жерде «Супер-Инфо» гезити көрсөтүлгөн эмес. Арызда «Шамбала» жана «Пирамида Плюс» гезиттери тууралуу сөз болгон.

Шатманова доогердин арызы менен таанышкан. Ал мындай аракеттерди кысым катары баалап, гезиттин ишмердүүлүгүнө тыюу салуу боюнча аракеттер жүрүп жатканын билдирди.

«Биз салык кызматынан эч нерсени жашырган эмеспиз. Акыркы текшерүү 3 ай мурда болгон. Арыз «ММКларды колдоо борбору» фондуна, тагыраагы «Шамбала» жана «Пирамида Плюс» гезитине жазылган«, — дейт Шатманова.

Ал Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматындагы суракта басмакана менен «Супер-Инфонун» ортосундагы иштешүү тууралуу эмес, көбүрөөк гезиттин ишмердүүлүгү, киреше жана чыгашалары тууралуу суроолор берилгенин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM