Биз менен байланышыңыз

Түрк тилдүү мамлекеттердин билим берүү министрлери жолугушту

Кыска кабар | 15 Мар 2019 | 455 | 0

Бишкекте түрк тилдүү мамлекеттердин Билим берүү министрлеринин кеңешинин V отуруму башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Отурумга Кыргызстандын билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева төрагалык кылууда. Күн тартибинде түрк тилдүү мамлекеттердин жогорку окуу жайлары, адистердин тажрыйба алмашуусу тууралуу программалар, өнөктөштүк долбоорлору тууралуу маселелер каралат.

Отурумга Азербайжан, Казакстан, Түркия, Венгриядан делегация келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM