Биз менен байланышыңыз

Баткен: Аялдар менен балдар коопсуз жайларга жеткирилди

Кыска кабар | 15 Мар 2019 | 429 | 0

Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Ак-Сай айылынан аялдар менен балдар коопсуз айылдарга чыгарылды. Аларды туугандарынын үйүнө, мектептие спорт залына жана тааныш-билиштердин үйүнө жеткиришти. Ак-Сай айылында жалпысынан 2400-2600 адам жашайт.

Өкмөттүн маалымат кызматы 14-март күнү кечинде билдирүү таратып, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаалды жөнгө салуу боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдиришти.

Окуя болгон жерге вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Тажикстандын премьер-министринин орун басары Иброхим Азим барышты.

Жеңиш Разаков жергиликтүү калк, анын ичинде аксакалдар жана жаштар өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөн. Анда ал чек арадагы кырдаалды курчутуп жаткан чагымчыл күчтөр болуп жатканын айтып, жергиликтүү тургундарды алардын таасирине алдырбоого чакырды.

Чек ара маселесине эки президенттери, премьер-министрлери да көңүл буруп, объективдүү териштирүү жүргүзүүгө жана келечекте мындай жагдайларга жол бербөөгө эки жактуу даярдыктарын билдиришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM