Биз менен байланышыңыз

Интерпол саудиялык журналисттин өлүмүнө катышы барларга ордер берди

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Мар 2019 | 445 | 0

Интерпол Сауд Аравиялык журналист Жамал Хашогжинин өлүмүнө катышы бар деп айыпталган Сауд Арабия жарандарын кармоого 20 ордер берди. Бул тууралуу Daily Sabah басылмасы Түркиянын Юстиция министрлигине шилтеме берүү менен жазды. Ордер Анкаранын суроосу менен жазылган.

Эске салсак, Жамал Хашокжи былтыр 2-сентябрда Стамбулдагы Сауд элчилигине керектүү документтерди алуу максатында барып, ошол бойдон кайра чыккан эмес. Окуядан төрт күн өткөндө гана түрк полициясына элчиликтин ичине кирип тинтүүгө уруксат берилген. Түрк тарап журналисттин өлтүрүлгөнү тууралуу бир нече жагдайды эске салып, буга Сауд бийлигин күнөөлөп келгени менен каршы тарап бул айыптарды кескин түрдө четке кагып жаткан. Сауд Арабия жуналисттин өлүмүнө шектүү 21 кишинин кармалганын жарыялаган. Бирок анын сөөгү азыркыга чейин табыла элек.

Кошумчалай кетсек, Жамал Хашокжи жылдар бою сауд бийлиги менен жакын мамиледе болуп, ханзаада Мухаммеддин кеңешчиси болуп кызмат өтөгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM