Биз менен байланышыңыз

Британ парламенти брекситтен чыгууну үч айга жылдырды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Мар 2019 | 504 | 0

Британ парламенти өлкөнүн Евробиримдиктен чыгуу демилгесин дагы үч айга жылдырды. Бул тууралуу BBC маалымдады. Брексит мөөнөтүн кечеңдетүүгө депутаттардын 412си макул болуп, 202си каршы чыкты. Эми бул чечимди Евробиримдик жактырышы керек.

Өлкө премьер-министри Тереза Мэй брекзит 30-июнга чейин артка жылдырылышы мүмкүн экенин айтты. Эгер анда дагы британ парламенти келишимди кабыл албай койсо, Улуу Британия ар бир кечеңдетүүнү Евробиримдиктин бардык өлкөсү менен макулдашып чыгууга милдеттүү болот.

14-мартта парламентарийлер брексит боюнча кезектеги референдум өткөрүү аракетин четке каккан.

Эске салсак, 2016-жылы 23-июндагы референдумда британдардын 52% биримдиктен чыгууну колдогон. Шотландия менен Түндүк Ирландия шаркеттин курамында калуу үчүн добуш берген. Бирок Лондон, Манчестер жана дагы бир нече ири шаарлардан башкалары, анын ичинде Уэльс өзүнчө бөлүнүп кетүүнү жактаган.

Референдумдан кийин Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон отставкага кетип, анын ордун Тереза Мэй ээлеген. Ал 2017-жылдын июнь айынан тарта ЕБ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM