Биз менен байланышыңыз

«Республика- Ата Журт» Жалал-Абадда көчмө жыйын өткөрөт

Кыска кабар | 15 Мар 2019 | 397 | 0

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин «Республика – Ата Журт» фракциясы Жалал-Абад шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.

Фракция 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Жалал-Абад облусунун аймагында аткарылган иш-чаралардын жыйынтыктарын талкуулайт. Ошондой эле 2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында облус аймагында пландалган иш-чаралар, көйгөйлөрдү карайт.

Жыйынга фракция мүчөлөрүнөн тышкары, Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, район акимдери катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM