JIA Бизнес-ассоциациясы буга чейин түштүк региондордо «Бизнес кербенин» уюштуруп келсе, бул жолу Ысык-Көлдө уланды. Анда тажрыйба бөлүшүүгө Бишкек шаарынан, Талас, Нарын, Жалал-Абад облустарынан өкүлдөр келип, көл калаасындагы 200дөн ашуун ишкерлердин башын бириктирди. Негизги максаты аймактар аралык бизнести кеңейтүү жана бизнес мүмкүнчүлүктөрүн табууга шарт түзүү.
Ысык-Көл районунун тургуну Жаӊыл Билалова буга чейин билим берүү тармагында эмгектенип келген. Айлык маянанын азыдыгынан мугалимдик кесиптен баш тартып, бизнеске кадам таштаган. Бирок иштин көзүн табууда бир катар кыйынчылыктар жарлаган. Эми ишкерликти өнүктүрүүгө JIA Бизнес-ассоциациясы мүмкүнчүлүк түздү.
— Былтыр кургатылган мөмө жемишти кайра иштетүү үчүн банктан 6%дык насыя алганбыз. Бул жылы кара өрүк, өрүк, алмадан консервалоо иштерин баштоого бел байлаганы турабыз. Ал эми келээрки жылы ит мурун, бөрү-карагатты кошсокпу деген планыбыз бар. Эӊ негизгиси бизнести өнүктүрүүгө комплекстүү иштөө керек экен. Биз аны JIAнын бизнес форумунда тажрыйба алмашып биле алдык. Эми өндүргөн продукциябыз чет өлкөгө кымбат баада сатылып, ал аркылуу туризм да өнүгөт деген ойдомун.
Анткени «Аймактарды өнүктүрүү» жылына карата JIA Ассоциасиясы өткөн жылдан бери бизнес кербенин уюштуруп келүүдө. Буга чейин түштүк аймактарды кыдырса, бул жолу 50гө жакын бизнес өкүлдөр Ысык-Көлдөгү 200гө жакын ишкерлерге тажрыйба бөлүштү. Анын алкагында «Супара» этно комплексинин жетекчиси Жаӊыл Турганбаева жайкы кышкы туризмди жандандыруу керектигин сунуштады.
— Ысык-Көл облусу Кыргызстандын жүзү болбостон дүйнөнүн да сыймыгы. Мактанаарлык тоолорубуз, көлүбүз бар деӊгээлибиз чоӊ. Биздин эӊ негизги планыбыз туристтерге шарт түзүп берсек жакшы болмок. Мисалы көлдүн тегерегиндеги ген планды иштеп чыгып, чаржайыт иш жүрбөй, кабыл алуу системасы өнүксө жакшы болмок. Ишкерлер бул сыяктуу тажрыйба алмашууга келсе көздөрү ачылмак. Көзү ачылган адам сөзсүз бир нерсени жаратат.
Туризмден сырткары Ысык-Көл облусунун айыл чарбасынан алынган продукцияны кайра иштетүү жагына багыт берди. Тагырагы, базардагы соода сатык деӊгээлин изилдеп кардарларды табууга, жаӊы бизнес ачууга, кызматташтык келишимин түзүүгө шарт түзүлдү. Ал эми «Бизнес кербени» өлкө ичине жумуш орундарын түзүп, экономикалык стабилдүүлүктү орнотууга багытталарын «JIA Бизнес-ассоциациясынын» аткаруучу директору Фархад Пакыров белгиледи.
— Бүгүнкү күндө Кыргызстан эмне менен жан багат? Башка өлкөлөр сыяктуу нефти, газ, алтын же башка кен сата турган байлыгыбыз жок. Болгону 3 булагыбыз бар. Алар: сырттан узак мөөнөттүк насыя, гранд аркылуу акча келет, ишкерлер жумуш орундарын түзүп салык төлөп социалдык көйгөйлөрдү чечип жатышат. Кыргызстанда ишкердер көп болсо көп жумуш орундарды түзүп, бюджетке салык түшмөк. Андан сырткары жарандар башка өлкөнүн мигранты болуп иштебей жумуш орундары түзүлмөк.
Албетте, жаш ишкердердин өнүгүүсүнө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да кайдыгер карабайт. Анткени бул жолку бизнес форумду өткөрүүгө ассоциациядан сырткары, FSDS, IFS, өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү да колдоо көрсөткөн. Андыктан чоӊ компаниялар менен тажрыйба алып жактан жумушчуларга шарт түзүүбүз зарыл деди облус жетекчиси Акылбек Осмоналиев.
-Ѳсүп келе жаткан жаш бизнес ээлери менен аты таанымал чоӊ компаниялардын карым катнашы баарлашуусу чоӊ талааны түзүп жатат. Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылдыгынын алкагында уюшулуусу биз үчүн жакшы иш чаранын бири. Менин оюмча бул аракет өзүнүн эффектисин берет. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү шарт түзүп берүүгө милдеттүү.
Эске сала кетсек, JIA бизнес-ассоциациясы 2006-жылы Кыргызстандын ар кыл облусундагы демилгелүү жана идеялуу ишкерлердин артынан түзүлсө, учурда 1000дей мүчөсү бар.