Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайра курчуду

Кыска кабар | 14 Мар 2019 | 870 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал дагы курчуду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 16:10до Ворух анклавынын жашоочулары менен Ак-Сай айылынын жашоочулары бири-бирине таш ыргытып, мушташ башталган. Жарандарды таркатуу максатында күч органдары асманга ок атышкан. Эки тарап тең чогулган тургундарды таркатууга аракет кылган.

-Бизге жеткен маалымат боюнча Кыргызстандын бир жараны жаракат алган. Өздүгү жана окуя кандай болгондугу боюнча маалымат жок. Учурда абалды турукташтыруу чаралары көрүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы курч абал 13-мартта башталган. Анда ок чыгаруу болуп, бир кыргызстандык жаран жаракат алгандыгы кабарланган. Тажик басылмалары 1 тажикстандык каза таап, 20дай тургун жаракат алганын жазышкан.

 

Copyright © 2017 Maral FM