Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Өкмөт позициясын айтуудан коркпошу керек

Кыска кабар | 14 Мар 2019 | 425 | 0

Жогорку Кенештин депутаты Таабалды Тиллаев “Марал” радиосуна берген маегинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр боюнча өкмөт башчы коркпой, болгон нерсени болгондой ачык айтып чыгышы керектигин, буга саясий эрк зарылдыгын айтты.

Анын пикиринде, тажик элинде губернатордун статусу бийик, эл бийликти угат.Кыргызстандын айыл өкмөттөрү да алар менен тыгыз байланышта болгондо чырдын алдын алуу мүмкүн болмок.

“Бизде атайын кызматтардын маалыматы жетишсиз. Биз маалымат айдыңында артта калып жатабыз. Кыргыз-тажик чек арасына өтө оор учуруда мамлекет тарабынан көңүл бурулбай калган. Коңшу мамлекттер күчтөнүп, өздөрүнүн күчүн көрсөтүүдө. Алар мурда чечилген маселелерге да кийлигишип жатат”- деди эл өкүлү.

Тиллаевдин оюнда, чырды чечүүнүн жолдору көп. Чек арага жакын жайгашкан жергиликтүү элдин пенсиясын көтөрүп, жеңилдиктерди берүү зарыл. Тажик тарап болсо чек арага жакын аймакта жашаган элине көңүл буруп жатат. Түрдүү жеңилдиктерди берип, үй салууга жер бөлүп берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM