Парламенттин жалпы жыйынында өкмөт кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маалыматты жабык кароону сунуштады. Буга каршы болгон депутат Таабалды Тиллаев жалпы маалыматты ачык эле угууну сунуштады.
Эгер жабык угула турган болсо суроо-жооп иретинде талкуу болушун талап кылды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында жыйынга катышкан 75 депутаттын баары «макул» деп добуш беришти.
Кыргыз-тажик арасындагы кырдаал боюнча маалыматты биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов берери айтылды.
1 пикир