Биз менен байланышыңыз

Айдоочуларга токтомду жеткирүү кыйынчылык жаратууда

Кыска кабар | 14 Мар 2019 | 518 | 0

Айдоочуга жол эрежесин бузгандыгы тууралуу токтомду жеткирүү бир топ кыйынчылыкты жаратып жатат. Бул тууралуу “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын почта кызматтары жана логистика бөлүмүнүн башчысы Мимоза Жээнбекова билдирди.

Анын айтымында, тартип бузуулардын токтомдорун көпчүлүк эл алуудан да баш тартып жатышат.

-Көп кабаттуу үйлөрдүн дээрлик баарынын эшиги код менен бекитилген. Андан сырткары иш учурунда үйлөрүндө жок болууда. Ошондой эле жок даректерге катталган транспорттор да бар экен. Бишкек шаарында түртүрүлүп кеткен даректерге да токтомдор чыгып жатат. Көпчүлүк алуучулар ишеним катынын негизинде унаа каражатын сатып жибергендиктен токтомду алуудан баш тартууда.  

Бирок эреже бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде айдоочу катты алгандан баш тартса да кат тапшырылган болуп эсептелинет. Айып пул 30 күндүн ичинде төлөнбөсө, ага туум жазылгандыгы тууралуу кагаз келет.

Алуучулар баш тарткан шартта почта кызматкерлери маалымкат түзөт. «Айып катты алгандан баш тартты» деп жазып, тийиштүү байланыш бөлүмүнүн мөөрүн басып, анан жөнөтүшөт.

«Кыргызпочтасына» даяр конверттер айыптардын токтому менен кошо 7-марттан тарта түшө баштаган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бузууларды каттоонун, билдирмелерди жеткирүүнүн жана айыппулдарды төлөөнүн түшүнүктүү жана ыңгайлуу механизмин киргизүү зарылдыгын айткан.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM