Биз менен байланышыңыз

Феминистердин жүрүшү Жогорку Кеңеште талкууланды

Коом , Кыска кабар , Саясат | 13 Мар 2019 | 705 | 0

8-мартта Бишкек шаарында өткөн феминистердин жүрүшү Кыргызстанды кошуна өлкөлөргө уят кылды. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова билдирди. Эл өкүлүнүн билдиришинче, аталган иш чаранын уюштуруучулары чындыгында кимдер, кандай максатта чыккандыгын укук коргоо органдары тактап, тиешелүү жетекчилер жооп бериши керек.

-Урматтуу депутаттар, бул жерде кыргыздын каада-салты, үрп адаты, улуттук баалуулуктары тепселип, маскараланып жатса уялбайсыңар да. “Гейлерди” талкуулагандан уялганыңарга түшүнбөйм. Мен кыргыздын кызымын, мен чыдаган жокмун. Коңшу өлкөлөр шылдыңдап жатат. “Көк бөрү ойноп, кыргыз деп калпайк кийип, туу көтөрбөй эле койгула” деп жатышат. Көчөлөрүбүздө “гейлердин” желегин көтөрүп кенен басып жүргөнү айтылууда. Биз бул нерселерге мыйзам аркылуу бөгөт коюшубуз керек.

Аялдардын укугун коргоо максатында өткөн жүрүшкө 250дөн ашуун активист катышкан. Бул туурасында Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди. Аталган иш-чарага саясатчы Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартова да катышып, феминистердин иш аракеттердин колдоорун айткан.

-Үстүбүздөгү жылдын 8-мартында эрте мененки саат 10:00дөн 13:20га чейин кыз келиндер укугун коргоо жана тең укуктуулукту талап кылуу боюнча иш-чара өткөн. Анын катышуучулары Россия кинотеатрынан баштап Уркуя Салиеванын эстелигине чейин жөө жүрүш жасаган.

Депутат Дастан Бекешовдун пикиринде мындай маселени Жогорку Кеңеште талкуулоо туура эмес. Анын айтымында феминистердин жүрүшүндө эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес.

-Ачык айтсам, биз ушуну талкуу кылганыбыз уят. Өзгөчө кырдаал эмес да. Ооба терс көрүнүштөр бар, бирок Ички иштер министирлиги, мэрия күнөөлүү эмес да. Гейлер артынан келсе эмне кылышсын? Биз бул талкуулоо менен, Европа өлкөлөрүнө уят болобуз. Стенограмманы көрсө, “ мына бул теманы талкуулоо кылып жатышат, басмырлоо болууда» деп паанек берип башташат. Мыйзам бузуу болбогондон кийин Жогорку Кеңеште талкуулоо кылбай эле коюш керек.

Ал эми эл өкүлү Тазабек Икрамов Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча Гомосексуализмди ЖМКларда жана коомдук жайларда талкуулоого тыюу салынган.

-8-март аймыдардын эл аралык күнүнүн баркын кетирди. Бул жаман көрүнүш. Себеби “гомосексуализм” вич оорууларын пайда кылуучу себептердин бири. Кыргызстанда психикалык жактан жабыр тарткан 2500гө жакын жаран бар экен. Биз ушулардын укуктарын 6 миллиондон ашуун жарандын укугунан бийик коюудабыз.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Бишкек мэриясынын алдында «Кырк чоро» кыймылынын мүчөлөрү митинг өткөрүштү. Анда «Кырк чоро» бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаев, активист Аманбол Бабакулов, дин ишмери Өзүбек Чотонов жана башка 30дай адам чыкты.

Чогулгандар Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун отставкасын талап кылып, 8-марттагы митингге катышкан саясатчылар Эдил Байсалов, Равшан Жээнбеков жана Рита Карасартованын жоопкерчилигин кароону сунушташты.

Митингден кийин топтолгондор Ак үйдүн алдына келишти. Алар президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына жана өкмөт башчыга кайрылуу катын жазышкан.

Copyright © 2017 Maral FM