Биз менен байланышыңыз

Орозо жакындады. Кантип даярданабыз?

Блог | 11 Мар 2019 | 2041 | 0

Куттуу айда орозо кармоо үчүн алдын ала даярдыктын көрүлүшү ден соолукка пайдалуу экенин адистер да белгилешет. А бирок ашказан жана башка сиңирүүчү органдарда өзгөрүү болорун да эскертишет. Ошол себептүү төмөнкү кеңештерди сиздерге сунуштайбыз.

Уктоо убактысын өзгөртүңүз

Орозо айында ооз бекитүү жана ачуу убактыларынан улам биологиялык графигибиз өзгөрөт. Ошондуктан азыртан тарта уктоонун жаңы убактысына өтө баштаңыз. Азыркыдан 1-2 саат эрте уктооңуз абзел. Анткени мындай өзгөрүүнүн артынан ооз бекитүүгө оңой ойгонуп, күндүз уйкусуроодон жана чарчаңкы абалдан кутулган болосуз.

Эртең менен эрте тамактана баштаңыз

Эртең менен туура тамактанган адам кечке чейин күүлүү-күчтүү жүрөт. Орозого жакындаганда мүмкүн болушунча эртерээк тамактанганга аракет кылыңыз. Эгер таңда тамактанбай жүрсөңүз, муну тез арада адатка айлантышыңыз керек.

Суу ичүү да маанилүү

Айрымдарыбыз Орозо киргенге чейин сууну аз ичип, ооз бекигенде суусуз жүрүүгө көнүгөм деп ойлойбуз. Бул туура эмес. Куттуу айда күн сайын 8-10 стакан суу ичкенге аракет кылыңыз.

Түшкү тамактын көлөмүн азайтыңыз

Рамазанга чейин айрыкча түшкү тамакты аз жегенге көнүңүз. Салат сыяктуу жеңил тамактарды жей баштаңыз. Мындай жол менен узак убакыт ач калууга көнө баштайсыз.

Оор тамактардан баш тартыңыз

Куттуу айдын алдында чаңката турган майлуу, таттуу жана туздуу азыктарды, ага кошкон туз жана майдын көлөмүн азайтыңыз.

Мөмө жана жер жемиштер

Буласы жогору болгон жемиштерди жана сиңирүүнү жакшырткан азыктарды Орозого чейин жеп баштаганыңыз оң. Ал эми ширелүү мөмө-жемиштерди орозо учурунда күнүнө 1 же 2ден жеп турганыңыз жетиштүү.

Copyright © 2017 Maral FM