Өзүн Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкеримин деп тааныштырып, Бишкек жылуулук электр борборунан металлдык түтүктөрдү алып чыгууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
7-мартта жасалма документ менен 1995-жылы туулган Ильяз Давлатбек уулу колго түшкөн. Бул факты “уурулук” беренеси боюнча каттоого алынып, тергөө иштери жүрүүдө.
Жасалма документ буга чейин 20-февралда өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып, мыйзамсыз текшерүү жүргүзүүгө аракет кылган Нурбек Мураталиев аттуу жаранга таандык болгон. Ал Талас облусундагы №3 жол-эксплуатациялык башкармалыгынын каржылык-чарбалык иштерин текшерип жүргөн.
Бул факты бирдиктүү реестрине катталып, шектүү Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Тергөө иштери жүрүүдө.