Биз менен байланышыңыз

Былтыр 32 соттун талапкерлиги кабыл алынган эмес

Кыска кабар | 11 Мар 2019 | 515 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылы Судьяларды тандоо кеңеши сунуштаган 32 талапкерди артка кайтарган. Бул тууралуу өлкө башчы бүгүнкү соттордун курултайы учурунда билдирди.

Былтыр Судьяларды тандоо кеңеши Жогорку соттун, Конституциялык палатанын жана жергиликтүү соттордун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 88 талапкер боюнча сунуштарын жиберген.

«Сот системасына сабатсыз жана таза эмес адамдардын дайындалышына бөгөт коюу максатында тандап алуу тартибин катаалдаштыруу керек деп эсептейм. 2018-жылы Судьяларды тандоо кеңеши менин атыма Жогорку соттун, анын Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 88 талапкер боюнча сунуштарын жиберген. Алардын ичинен 32 талапкерди кайра кайтардым», — деди өлкө башчы.

Эми мындан ары судьялык кызмат орундарга талапкерлерди тандоонун сапаты жогорулатылатыларын президент кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM