Connect with us

Президент айрым соттордун чечимдери бурмаланганын айтты

Кыска кабар | 11 Мар 2019 | 1703 | 0

«Сот процесстери жүйөөсүз созулуп келет». Бул тууралуу соттордун XI курултайында президент Сооронбай Жээнбеков айтты.

«Биздин соттордо көптөгөн иштер узак мезгилде, кээ бир учурларда жылдар бою каралып жатат. Судьялар соттук талаш-тартыштарды кароону создуктуруу менен ашыкча бюрократияга жана соттук кыңыр иштерге өздөрү жол берүүдө”,- деди президент.

Курултайда айтылгандай, сот тутумуна республикалык бюджеттен акча каражатынын бөлүнүшү жылдан жылга көбөйүп жатат.

2018-жылга карата — 1 млрд 555 млн сом бөлүнүп, бул 2017-жылга салыштырмалуу 14,4 пайызга көбөйгөн. Ал эми 2019-жылга карата — 2 млрд 154 млн сом каралды, 2018-жылга салыштырмалуу бюджеттин өсүшү 38,5 пайызды түзөт.

Президент бүгүнкү курултайда учурдагы сот системасында мурдагыдай эле катачылыктар, мыйзамдарды жана судьянын этикасын бузуу фактылары кездешип жатканын айтты.

Айрым судьялар тарабынан чет өлкөлүк жарандардын кыймылсыз мүлк объектилерин тартып алууга багытталган чечимдер чыккан. Мындан сырткары, кээ бир судьялар тарабынан баңги заттарына байланышкан жазык иштерин кароодо мыйзамдын одоно бузулушуна жол берилген.

«Ош облусунун айрым судьялары 14 килограмм «гашиш» баңги заты менен кармалган чет өлкөлүк кылмышкердин аракетин жеңилдетип, ага карата мунапыс берген. Кийин, прокуратуранын каршы сунушунун негизинде соттук инстанциялардын өкүмдөрү жокко чыгарылып, кылмыш иши жаңыдан каралууда.

Мындан сырткары, жакында эле ушундай кылмыш иштерин караган судьялыкка талапкерди Сотторду тандоо кеңешине кайра кайтардым.

Ал өз убагында 27 килограмм героин жана 5 килограмм гашиш баңги заттары менен кармалып соттолгон адамдын кылмыш ишин бузуп, аны негизсиз кайра кароого райондук сотко жөнөтүп салган», — деди Жээнбеков.

Copyright © 2017 Maral FM