Биз менен байланышыңыз

Президент: “эскиче жашоого көнгөндөрдүн” айынан реформа кечигүүдө

Кыска кабар | 11 Мар 2019 | 1305 | 0

Сот системасы өз алдынча жана көз карандысыз болмоюнча өнүккөн өлкөнү түзүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу соттордун XI курултайында президент Сооронбай Жээнбеков айтты.

Ал соттук системанын адилеттүү болуусу бийликке болгон элдин ишенимин бекемдей турганын белгиледи.

“Өлкөдө олуттуу реформа орнотуу үчүн соттук системанын так иш алып баруусу кажет. Буга чейин канчалаган жакшы башталгычтар соттун адилетсиздигинен улам токтоп калган учурлар болду”,-дейт өлкө башчы.

Ал ошондой эле 2019-жылдын 1-январынан баштап жаңы кодекстер ишке киргенин, бирок “эскиче жашоого көнгөндөрдүн” айынан укуктук талаага өтүүдө бир катар тоскоолдуктар жаралып жатканын кошумчалады.

«Кандайдыр бир маселе жаралганда соттор, прокурор, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын эксперттери кодекстерди иштеп чыккан эксперттер менен бирге маселени ыкчам чечиши керек», — деди президент.

Ал кошумчалагандай, эч ким өз көмөчүнө күл тартпай, аталган мамлекеттик органдар бирдикте иштөөсү зарыл.

Белгилей кетсек, бүгүн, 11-мартта мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында соттордун XI курултайы өтүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM