Биз менен байланышыңыз

Бишкекте судьялардын XI курултайы өтүүдө

Кыска кабар | 11 Мар 2019 | 587 | 0

Бүгүн, 11-мартта мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында судьялардын XI курултайы өтүүдө. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышат.

Буга чейин 5-мартта президент Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кабыл алып, судьялардын курултайына даярдыктар тууралуу маалымат алган.

Гүлбара Калиева бүгүнкү курултайга 400гө жакын судья жана башка мамлекеттик органдардын 100гө жакын өкүлдөрү катышарын айткан.

Жээнбеков сот системасы органдарынын негизги милдети мыйзамдуу жана адилеттүү сот аркылуу жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо экенин белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM