Биз менен байланышыңыз

Жооп бердик. Маралдын «маралдарын» тааныйсызбы?

Блог | 8 Мар 2019 | 4380 | 1

Эсиңиздерде болсо керек, 23-февралда Маралдын айымдары мырзалар тууралуу маалымат жарыялап, тааныштырган эле. Эми бул жолу жамаатыбыздын айымдарын тизмектеп, тааныштырып кетели.

Майрам Базлакунова

“Чу” дегенде эле жамаатты алга сүрөп, көч башы болуп келаткан башкы редакторубуз эске түшөт. Өзүнүн тажырыйбасын жаш жамаатка үйрөтүп, үлгү болуп келүүдө. Айрыкча, күйүмдүүлүгүн, калыстыгын баса белгилеп коёлу.

Гүлбарчын Өмүракунова

Келген конокторду тосуп алып, аларга ысык чай менен кошо мыкты маанай тартуулайт. Баса, эжекебиз “Марал” радиосунун Гуглу). Дегеним, имаратта болуп жаткан бардык нерседен кабардар.

Бермет Өмүралиева

Ооба, дал өзү. Сиз эстегендей эле күлкүсү өзгөчө эже. Бирок эжекебиз Чолпон жылдызындай. Айрым күндөрү эле жумушка келип, эфирге шаң кошуп турат. Аны көпчүлүк үнүнөн эмес, күлкүсүнөн тааныйт.

Назгүл Акунова же Маралдын сулуусу

Кеңсебизге келип: “Бул жактын сулуусу ким?” — десеңиз, баары жаңылбай туруп Акунованы айтат. Эжекебиз – көп кырдуу талант. Ырдайт, сүйлөйт, режиссёрдук пультту беш колдой башкарат.

Мунара Турдубаева

Элдин саламаттыгына Мунара эжедей күйгөн адам аз эле болсо керек. Бул үчүн “Медиплюс” программасында ар кандай кеңештерди берип, элге жол көрсөтөт. Кичи пейилдиги, колу ачыктыгы аны өзгөчөлөнтүп турат. «Мунара каякта?»-деген суроого так жооп берүү кыйын. Анткени бат-баттан чет өлкөгө чыгып турат.

Кундуз Казыбек кызы

Кесиптешибизди биринчи көргөндө модел деп ойлошуңуз толук мүмкүн. А чынында радиобуздун көңүл ачуучу бөлүмүндө эмгектенип, угармандарга мыкты маанай тартуулап келет.

Акылай Бакешева

Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүү керек деп эле чуркап жүргөнү жүргөн. Радиобузда “Чарбачыл” программасын алып барат. Келечекте Айыл чарба министри болуп калса, таң калбаңыз.

Бахар Хакимова

Бахарды көпчүлүк саат башында окулчу жаңылыктар менен тааныйт. Угармандарга акыркы кабарларды айтып туруу үчүн таң атпай жумушка келет. Баса, социалдык тармактарда да аябай активдүү. Сүрөттөрүнө “жактыны” басып, пикир калтырып туруңуз)

Бурулай Шергазиева

Тыпылдак же Бока деп койсоңуз да болот. Кесиптешибиз жамаатта маанайды көтөрүп, кубаныч тартуулап турат. Социалдык маселелерди семичкедей чагып, сурамжылоонун майын чыгарат.

Жамила Кубатова

Жамила айымдын кадыры айдын аягында болуп көрбөгөндөй өсөт. Анткени ал биздин эсепчибиз. Токтоо, бир калыпта жүргөн оор басырыктуу.

Чолпон Бейшелең кызы

Радио десе эле биздин кызматкерлерди кабарчылык менен чектелет деп ойлобоңуз. Мисалы, Чолпон Бейшелең кызы бизнеске жакын, акча табуунун жолдорун мыкты билет. Башында жумушта кофе сатып башталган ишкердик азыр жеңил өнөр жайга чоңойгон. Аны менен бирге репортаж жасап, программаларга модераторлук да кылганга үлгүрөт.

Анара Акматалиева

Жогорку Кеңештеги кабарчыбыз. Ал бир ишти оңой жана бат бүтүрүүнүн жолу боюнча диссертация да жазса жарашчудай. Баса, Анара үчүн бул жаз өзгөчө болду. Себебин жакында билесиздер)

Үмүт Рахимова

Кулинария дейбизби же ашкана десекпи, бул жаатта аябай мыкты. Анан дагы англис тилинде эркин сүйлөйт. Өзүнүн жашоосунда жазып алган мыйзамдары бар) Эми ал “Марал” радиосунун маркетинг бөлүмүнө да салымын кошот деп ишенебиз.

Орозгүл Арстанова

Негизги иши SMM-адиси. Андан сырткары дүйнөлүк окуяларды, жаңылыктарды мыкты билет. Өзбекче видео көрүп, ошол тилдеги тексттерди которгондон ырахат алат. Көрөгөчтүгү бар.

Гүлжамал Асанкадырова

Ысык-Көлдө болгон жаңылыктар аймактык кабарчыбыздан айланып өтө албайт. Кандай өзгөрүүлөр жана эмне болуп жатканын байкап, баам салып турат. Ар бир репортажын өзгөчө даярдайт. Кандай окуя болбосун, жеринен берген жагынан алдыда.

Шахрихан Мамажусупова

Баткендеги кабарчыбыз. Өрүкзардагы көйгөйлөрдү жон териси менен сезип, чагылдырып берип келет. Репортажын таң заардан эле, башкача айтканда «солдатский» даярдап бүтүп койчу жалгыз кабарчы.)

Айпери Жумабай кызы

Сайтка өлкөдөгү жана дүйнөдөгү жаңылыктарды жазып келет. Кудум эле немистердей так жүрөт, жумушка келгенден бери кечиккен күнү боло элек. Дайым эле изденүүнүн үстүндө жүргөн, жаңычыл. Айрым изилдөөлөргө караганда таң атпай саат 6да турат.

Ира Келдибекова

Ооба, Ираны буга чейин ди-джей болуп жүргөнүн уккансыз. Азыр репортаж даярдап, социалдык тармактагы маселелердин артына түшүүдө. Шайыр, аракетчил. Күлкүсүн уксаңыз, эми укмуш, сөз жок)

Мунара Байышева

Урааны: “Баары мыйзам чегинде болушу керек”. Биздин юристибиз. Бирок андан тышкары алып баруучулук кылып койчу жайы бар. Өзгөн күрүчүнөн ашты келтире басат. Кыскасы, кийин кайненесин ыраазы кылат)

Айжамал Худайбердиева

Бул кызыбыз эфирге келген коноктордун айткандардын сайтка дароо жазып турат. Компьютердин баскычын тергенде эле үн угулбаса, өзүнүн бары-жогу деле билинбейт. Анткен менен социалдык тармактагы быйтыкчаларды тандоо жагынан мыкты.)

Кундуз Анарбекова

Өзү 2-курстун студенти болгонуна карабастан Маралдын социалдык тармактарын карап, кабарларды колдонуучуларга кызыктуу кылып жеткирүүдө дилгир. Андан үмүтүбүз чоң.

Рина Баймуратова

Рина эл кечинде жумуштан же окуудан чарчап турган учурда булбулдай үнү менен мыкты маанай тартуулайт. “Ыр белек”, “Желе шоу” программаларын алып барат.

Назерке Маматалиева

Маралдын курамын негизинен жаштар түзөт. 2-курстун студенти Назерке маркетинг бөлүмүндө эмгектенип келет. Кыргызча сүйлөп келатып эле орусчага өтүп кетчү таланты бар. Жаш болсо да тырышчаак, ишине так кыз.

Нурайым Идирисова

Радионун эфирде байкалбаган жумуштарын, таагыраагы, “тылдагы” ишти Нурайым аркалайт. Кайсы эфирге ким келерине сереп салып, ортодо менеджерлик ылат десек болот. Аракети күч, тартынбайт.

Copyright © 2017 Maral FM