Биз менен байланышыңыз

Бекболот Талгарбеков шарттуу түрдө бошотулду

Кыска кабар | 8 Мар 2019 | 568 | 0

«Элдик парламент» деп аталган коомдук кыймылдын лидери Бекболот Талгарбеков эркиндикке чыкты. Бул тууралуу анын уулу Арстан Талгарбеков «Маралга» билдирди.

-Атам кечээ кечки саат 11.00дө чыкты. Аны шарттуу түрдө бошотушту. Азыркы тапта абалы жакшы, үйдө.

Талгарбеков абакта 4,5 жыл жаза өтөдү. Ал «улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча 4,5 жылга кесилген, анын калган 1,5 жылын шарттуу түрдө абактан сырткары өткөрөт.

Буга чейин Жогорку сот Бекболот Талгарбековду Кылмыш-жаза кодексинин «Бийликти күчкө салып тартып алуу беренеси боюнча актаган.

2017-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту ​»Элдик парламент» оппозициялык кыймылынын мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаевди 14 жылга эркинен ажыраткан эле.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM