Биз менен байланышыңыз

«Кырк чоролор» митингге чыкпай калышты

Кыска кабар | 8 Мар 2019 | 1271 | 0

“Кырк чоро” коомдук бирикмеси “Бишкек феминисттик демилгелери” маршына каршы митингге чыкпай калышты. Алар бүгүн кыргыз айымдарын майрамдык маанайда гана куттуктап, абалды курчутуп алуудан сактанышты. Бул тууралуу “Кырк чоро” коомдук бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаев билдирди.

Ушул тапта Бишкекте аялдардын тилектештик маршы өтүүдө. Ага жүзгө жакын адам катышып жатат. Ошондой эле аларды колдоп саясатчы Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартова, экс-депутат Асия Сасыкбаевалар бар.

Бул учурда Бишкек милициясы коопсуздук камсыз кылууда.

Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери руль башкарган айымдарды 8-март майрамы менен куттуктады.

“Карнавал шоу” тобу менен биргеликте айымдарга белектерин берип каалоо тилектерин айтып жол кыймылынын эрежесин сактоого чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM