Биз менен байланышыңыз

Тим Кук Трамптын жаңылуусунан соң аты-жөнүн өзгөрттү

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Мар 2019 | 686 | 0

Apple компаниясынын директору Тим Кук Twitter баракчасындагы аты-жөнүн өзгөрттү. Ага АКШ президенти Дональд Трамптын Тим Кукту жаңылышып, “Тим Эппл” деп атап алганы себеп болгон.

Тим Кук Twitter’де аты-жөнүн өзгөртүп, компаниянын логотибин койгон.

Белгилей кетсек, 6-мартта Тим Кук Вашингтондо Эмгек министрлигинин жыйынына катышып, маалымат берген. Анда Трамп:

— Сиз өлкөнү өнүктүрүүдө чындыгында зор салым кошуп жатасыз. Биз аны баалайбыз, Тим Эппл, — деп айтып алган.

Ак үйдүн маалыматына караганда, Трамп “Тим Эппл” деп айтуу менен Кук жетектеген компанияны белгилеген. Тагыраагы, “Тим – Apple” деп айткан.

CNBC’дин билдиришинче, бул Трамптын ири компаниялардын жетекчилери менен жолугушууда кетирген алгачкы катачылыгы эмес. Алсак, 2018-жылдын майында Трамп Lockheed Martin компаниясынын директору Мэрилин Хьюсонду «Мэрилин Локхид» деп чакырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM