Биз менен байланышыңыз

Трамп Apple’дин директорун «Тим Эпл» деп айтып алды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Мар 2019 | 668 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп, Apple компаниясынын директору Тим Куктун аты-жөнүн унутуп калып, аны «Тим Эпл» деп атап койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Ага ылайык, Apple компаниясынын жетекчиси Вашингтондо Эмгек министрлигинин жыйынына катышып, маалымат берген.

Кук өз сөзүндө билим берүү чөйрөсүндөгү демилгелердин жетишкендиктери тууралуу айтты. 

«Сиз өлкөнү өнүктүрүүдө чындыгында зор салым кошуп жатасыз. Биз аны баалайбыз, Тим Эпл, — деди Трамп.

Кошумчалай кетсек, 2018-жылдын декабрында Fox News телеканалынын кызматкери да АКШ президентин Дональд эмес, Дэвид Трамп деп атап алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM