Биз менен байланышыңыз

Тамы урап калган Жыпара эки кызы менен контейнерде жашап жатат

Кыска кабар | 7 Мар 2019 | 544 | 0

Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунун тургуну 42 жаштагы Жыпар Бакированын тамы урап калды. Бул тууралуу ал Марал радиосуна билдирди. Учурда эки кызы менен бирөөдөн убактылуу сурап алган контейнерде жашап келет. Ураган там конуштун 8-көчөсүндө №2- даректе жайгашкан.

Көчөдө казылган дринажда суу топтолуп, ал жерди жибитип, үйүнүн урап калышына себеп болгонун Жыпара айым айтат.

Көчөдө топтолгон суу өз нугу менен агып кетпей, турак үйгө зыян келтирип жатканы боюнча үй ээси буга чейин тийиштүү тараптарга кайрылган.

“МЧСине да кайрылдым, айыл өкмөтүнө да бардым. Жардам беребиз дешкен. Бирок азырга чейин эч ким жардам берген жок. Бир туугандарым эле чогулуп жардамдашып жатышат”, дейт ал.

Кошумчалай кетсек, аталган 5 бөлмөлүү турак үй 2011-жылы курулган.

Жыпар Бакированын эки кызы менен учурда контейнерде жашап келет.

Copyright © 2017 Maral FM