Биз менен байланышыңыз

Калыс-Ордодо жер басып алууну уюштургандар кармалды

Кыска кабар | 16 Окт 2019 | 614 | 0

Бишкектин Биринчи май районундагы Калыс-Ордо конушунун аймагындагы 7 гектар жерди өз алдынча басып алууга аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы билдирди.

Кечээ 100дөй киши аталган жерди өз алдынча басып алууга аракет жасашкан. Алар жерди өз ара бөлүштүрүп, казык кагып ээлеп алышканы айылат.

Мэриянын тийиштүү кызматкерлери барып, бул аракет мыйзамсыз экенин түшүндүрүү боюнча жасаган аракеттерине чогулгандар баш ийишкен эмес. Мындан улам, милиция чакырылган.

Учурда жер басып алууну уюштургандар кармалып, Милиция бөлүмүнө киргизилген. Мыйзам бузгандардын өздүгү аныкталууда.

Шаар бийлиги Бишкек шаарында курулуш ишине жер тилкесин бөлүп берүүгө мораторий киргизилгенин эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM