Биз менен байланышыңыз

«Калыс-Ордо» конушунда муктаждарга күн сайын ысык нан берилип жатат (видео)

Кыска кабар | 17 Апр 2020 | 1279 | 0

Бишкектин четиндеги «Калыс-Ордо» конушунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, муктаждарга күн сайын ысык нан таратылып жатат. Мындай кайрымдуулук иш мечиттин жамаатынын демилгеси менен 5-апрелден баштап уюшулуп келүүдө.

Бул тууралуу демилгечи топтун мүчөсү Белекбай Айтиев “Маралга” билдирди. Анын айтымында, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен күнүнө бир мүшөк ун наабайканага жаптырылып, демилгечилер тарабынан таратылат.

Күн сайын 210-220 даана нан жаптырып, конуштагы муктаж элге таратып жатабыз. 60ка жакын үй-бүлөгө күн сайын 4 даанадан ысык нан берилүүдө. Берешен бир туугандарыбыз кезеги менен демөөрчүлүк кылып, унун сатып берип, наабайканаларга акысын төлөп берип, нан жаптыртып жатышат, — дейт ал.

Нанды жабууда жана таратууда коронавирус илдетинин алдын алуу боюнча эрежелеринин баары сакталып жатканын демилгечилер кошумчалайт.

Copyright © 2017 Maral FM