Биз менен байланышыңыз

Кыргыз аялдары акча табууга жөндөмдүү келет

Экономика | 8 Мар 2019 | 1012 | 0

Аялзаты бизнеске капыстан келбейт. Үй-бүлөлүк шарттар толук жумуш күнүнө дал келбеген учурда кесибин алмаштырып, ишкердикке өтөт. Бүгүнкү күнү алардын көбү кайра эле аялдын түйшүгүн жеңилдетүү багытында жасалып рынокто кайсы бир деңгээлде ордун таап келатат.

Айтсак, таттуу токочторду бышыруу, кийим тигүү же сулуулук кызматтарды көрсөтү жаатында болууда.

Мындай ишти Гүлү Миңбаева акыркы он жылдан бери колго алып буюртма менен  кечээ көйнөктөрүн тигип келет. Бул иш анын хоббиси гана эмес, киреше бере турган булагына айланды.

Мен бекер отурганды жактырбайм. Ошондуктан  бала менен үйдө отурсам дагы пайдалуу иш менен алек болгон жагат. Үйдөн буюртма алып үлпөт көйнөктөн тартып, кечээ көйнөктөрүнө чейин тигем. Учурда кандай гана маараке болбосун бир көйнөк бир эле жолу кийилет. Ошондуктан кардарларым көп.

Гүлү Миңбаева сыяктуу Элеонора Абдылдаева дагы бизнести өздөштүрүп, социалдык түйүндөр аркылуу тортторду сата баштады. Катардагы кондитерлерден айырмаланып, ишкер айым колдонгон продукция адал жана кеңири жайылган рецепттерден алыс. Бүгүнкү күнү тапшырыктардын басымдуу бөлүгүн инстаграмдан алат. Бул аянтча анын ижара акысы жок дүкөн экенин айтып буларга токтолду.

Өзүм жасаган тортторду өзүмдүн инстаграммдагы баракчама жарыялайм. Сүрөттөрүн, курамын жана жасалышын толук жүктөйм. Эгер жагып калса, кардар өзү эле жазат. Анын талаптарына жараша бардык таттууларды жасайм. Бизде мүмкүнчүлүктөр аябагандай көп. Баарын кылууга болот. Күнүнө жаңы жаңылыктарды киргизип турууга ашыгам.

Элеонора рыноктон ордун табуу үчүн окшоштуктан гана качууну белгилейт.

Кыргыз аялдарынын мындай аракети бизнесте чоң пайдасын берип келет. Анткени эркекке караганда аял кишиде тырышчаактык сапат басымдуулук кыларын «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков белгилейт.

Коомубузду, соодабызды, экономикабызды кыймылдатып жаткан бул биздин аялдар. Айрыкча Дордой базарында соода кылгандардын 80 пайыздан ашыгын аялдар түзөт. Алардын бир касиети кыйынчылыкта чымыр келишет. Ушундай маалда алардын күчүнө күч кошулуп турат.

Ишкер айымдарды колдоп, алардын санын көбөйтүүнү ЖИА Бизнес ассоциациясы колго алууда. Бирикменин он жылдык стратегиясында бул маселе камтылып, анын алкагында жакын арада ишкер аялдарга колдоо көрсөтүү багытындагы фонд ачылат. Бул аянтчада ишкер айымдарга каржылык кордоо көрсөтүлөрүн ассоциациянын төрагасы Темирбек Ажыкулов айтты.

Ассоциация катары өзүбүздүн акыркы 10 жылга стратегиялык планыбызды жазып чыкканбыз. Ошол жерде кыргыз ишкер айымдарынын санын көбөйтүү жана аларга муктаж болгон жардамдарды көрсөтүү камтылган. Бүгүнкү күнү бул багытта өз ишибизди баштадык. Анын алкагында атайын фонд ачуу ниетинде турабыз. Анткени көпчүлүк учурда ишкер айымдар каржылык колдоого муктаж. Фонддун алкагында айымдарга насыя эмес, түздөн-түз капитал менен берилет. Бул  жерде каржылоо жана компанияны чоңойтуу иштери да аткарылат.  

Кошумчалай кетсек, ишкер айымдардын эл аралык күнү Кыргызстанда дагы акыркы жылдары белгиленип келет. Анын алкагында каражатты бөлүштүрүү, бизнес план түзүү жана аны ишке ашыруу жолдору боюнча окуулар өтүп келет.

Copyright © 2017 Maral FM