Биз менен байланышыңыз

Майып балдарга мамлекеттин көңүл буруусу жетиштүүбү?

Ден соолук , Коом | 6 Мар 2019 | 1507 | 1

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган ата-энелерге айлык акы үстүбүздөгү жылдын январь айынын аягында бериле баштады. Азырынча 6 миңдейине гана, тагыраагы дайыма камкордукка муктаж болгон балдардын ата-энелерине берилүүдө. Анткен менен мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын айрым учурда аталары таштап,  жалгыз бой энелер карап жатат. Бүгүнкү күнү бул каражат үйдө отурган энелерге жетиштүүбү?

Ширин учурда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 7 жашар баласын карап эртеден кечке жанында. Буга чейин баласын ооруканаларга алып барууда кыйналса, жакында эле өкмөт араба бергенин айтып кубанып отурат.

-Балам түндө уктабайт деле. Доктурлар жазып берген атайын уктата турчу дары берем. Баардыгын өзүм жасап берем. Тамактарды эзип, бергенге туура келет. Бөтөлкө менен сүт ичет. Балам 7 жашка келип калды. Быйыл биринчи класска бармакпыз, тилекке каршы акылы өнүкпөй калгандыктан барбай калдык.

Ширин сыяктуу үйдө отурган апалардын саны көп. Кыргызстанда жалпы 181 миң мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт. Анын ичинен 29 миңи өспүрүмдөр. Учурда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды  баккан ата-энелер үчүн 4900 сом айлык маяна төлөнүп жатат. Бул кадам пенсия алганга мүмкүнчүлүк ачылат дейт Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин катчысы Кымбат Кыдыралиева.

-КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан ата-энелер үчүн айлык маяна төлөнүп жатат. Анын өлчөмү 4900 сомду түзөт. Айлык акы төлөгөн үчүн пенсия алганга мүмкүнчүлүк түзөт.

Көпчүлүк учурда, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар эне стресске кабылат. Анткени наристеси майып болуп төрөлгөнү үчүн өзүн күнөөлү сезет. Ушундай акыбалда үй-бүлөөсүн таштап, карабай кеткен күйөөлөр да көп. Бул тууралуу  “Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери” ассоциациясынын төрайымы Тамара Жумабекова айтууда.

-70-80% майыптыгы бар үй-бүлөөнү көбүн эсе күйөөлөрү таштап кетишет. Аялдар балдарын жалгыз бакканга туура келет. Майып баланы баккан да чоң көйгөй. Жумушту таштап, үйдө баланы карап отуруп калуу. Мындай ата-энелерге биз жактан колдоолор болот. Бир жылда бир 300дөн ашуун адамдарга атайын семинарларды, тренингдерди, консультацияларды өткөрүп турабыз.

Анткен менен мүмкүнчүлүгү чектелгендердин ата-энесине айына 4900 сом аздык кылат. Бирок учурда өлкөнүн дараметин карасак туура эле дейт Эмгек жана социалдык өнүгүүнүн экс-министри Кудайберген Базарбаев. Аны менен катар диагнозго карап жөлөк пулдарды дагы жогорулатып, жардамдарды көбөйтүш керек деп эсептейт.

-Бүгүнкү күндө Өкмөттүн шартына жараша жардамды алып жатышат. Бирок ошол эле учурда балдарды комплекстүү караш керек. Жыл сайын ооруканаларга жатып, ден соолугуна кам көрүш керек. Диагнозуна карап ата-энелерине жөлөк пулдарды көбөйтүш керек. Учурда берилип жаткан айлык маяна аз, бирок биринчи кадамга туура эле.

Эске салсак, мүмкүнчүлүгү чектелген баласын карап үйдө отурган ата-энелерге социалдык өнүктүрүү министрлиги айлык акы төлөп, кийин пенсияга чыгаруу демилгесин көтөрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM