Биз менен байланышыңыз

Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү колго түшүрүлдү

Кыска кабар | 6 Мар 2019 | 623 | 0

Өлкөнүн улуттук коопсуздук комитети мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте эл аралык террордук уюмдун мүчөсүн колго түшүрдү.

27-февралда эки мекеменин биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн Кыргызстандын жараны, Ош областынын 26 жаштагы тургуну «Т.Н.»  кармалган.

Аныкталган маалыматтарга ылайык, «Т.Н.» Сирияда террордук топтун курамында болуп, дивесиялык-террордук атайын даярдыктан өткөн. Сириянын Өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуштук аракеттерге катышкан.

Кийинчерээк «Т.Н.» эл аралык террордук топтун башчыларынын көрсөтмөсү менен согуш талаасынан чыгып, Борбор Азия же КМШ өлкөлөрүндө террордук иштерди уюштуруу боюнча буйуртмаларды аткаруу максатында жогору жактан буйрук күткөн.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Кармалган жаран камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM